Тарыхта бүгүн

Бүгн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1328944
Тарыхта бүгүн

 

*** 1876 -  жылы 25 -  декабрда Пакистандын куруучусу Мухаммед Али Жиннах Карачиде төрөлдү.

*** 1932 -  жылы 25 -  декабрь күнү Кытайдын Гансу аймагында 7, 6 баллдык жер титирөө болду. Жер титирөөдө 70 миңге жакын киши каза болду.

*** 1973 -  жылы 25 -  декабрда болсо Түркия республикасынын 2 -  президенти, Мустафа Кемал Ататүрктүн эң жакын курал досу жана Ататүрктөн кийин 35 жыл Республикалык элдик партиясынын лидериболгон Исмет Инөнү Анкарада 89 жашында дүйнөдөн кайтты.

*** 1976 -  жылы 25 -  декабрда Египет аба жолдоруна таандык жүргүнчү учак Таиланддын борбор шаары Банконгго конуп жатып шаарга жакын бир өнөр жай комплексинин үстүнө түштү, кырсыкта 71 киши каза болду. Алардын ичинен 19зу жерде басып жүргөн кишилер болгон.

*** 1989 -  жылы 25 -  декабрь күнү Румынияда элдик көтөрүлүш менен бийликтен түшүрүлгөн мамлекет башчысы Николай Чавушеский менен жубайы Елена Чавушеский атылды.

*** 2016 -  жылы 25 -  декабрда Сириядагы орус базасына баруу үчүн Сочиден учкан аскердик учак Кара деңизге түштү. Окуяда 92 киши каза болду.



Тектеш кабарлар