Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
*** 1524 - жылы 24 - декабрда Европадан чыгып түздөн түз Индияга барган биринчи изилдөөчү португалиялык Васко да Гама Индияда каза тапты.
*** 1867 - жылы 24 - декабрь күнү түрк адабиятында батышташуунун жол башчыларынан акын жана ойчул Тевфик Фикрет Стамбулда төрөлдү.
*** 1865 - жылы 24 - декабрда болсо АКШ жарандык согуштан кийин кулчулуктун жактоочусу конфедерация армиясынын офицерлери Теннесси аймагынын Пуласки шаарында «Ку Клукс Клан» аттуу бир социалдык клуб курду. Клуб кыска убакытта АКШдагы расистердин борбору болду.
*** 1951 - жылы 24 - декабрда Экинчи Дүйнөлүк согушунан кийин Ливия көз карандысыздыгын жарыялады. Өлкө 1969 – жылы Каддафинин аскердик соккусуна чейин королдук системанын ичинде башкарылды.
*** 1963 - жылы 24 - декабрь күнү Кипрдеги куралдуу румдар «Кандуу рождество» кол салууларында Лефкошада кызмат кылган майор Нихат Илхандын үй - бүлөсүн да бутага алды. Илхандын жубайы Мүрүвет Илхан жана балдары Мурат, Кутси менен Хакан рум террористтер тарабынан жасалган кол салууда үйлөрүндө каза болду.
*** 1964 - жылы 24 - декабрда болсо Индия менен Шри Ланканы таасир астына алган бороондо жети миң киши каза болду.
*** 1979 - жылы 24 - декабрда советтер союзунун Афганстанды
Басып алды. Мужахиттердин 10 жылга созулган каршы турушу менен советтик аскерлер 1989- жылы Афганстандан чегинүүгө мажбур болду.
*** 1976 - жылы 24 - декабрь күнү Вандын Чалдыран районунда жер титирөө болду. тегереги жана райондорду да таасири астына алган жер титирөөдө 3 миң 840 киши каза болду.