Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1326995
Тарыхта бүгүн

*** 1522 -   жылы 20 -  декабрда  Кануни Султан Сүлейман командирлигиндеги Осмон армиясы Родосту басып алды. Родосто  11  арал жана Бодрумдун Осмон мамлекетине кошулушу Жер Ортолук деңиздеги соода кемелеринин коопсуздугу үчүн чоң мааниге ээ эле.

*** 1873 -  жылы 20 -  декабрда гимнди жазган акын, жазуучу жана ойчул Мехмет Акиф Эрсой Стамбулда төрөлдү.

*** 1915 -  жылы 20 -  декабрь күнү Чанаккаледе түрк армиясынын тоскоолдугунан өтө албаган англис   АНЗАК күчтөрү Анафарталар жана Арыбурун аймагын бошотту. Союздаш күчтөрдүн 1916 -  жылы 9 -  январда Седдүлбахир аймагынан да чегиниши менен Чанаккаледе түрк армиясынын жеңиши тастыкталды.

*** 1968 -  жылы 20 -  декабрда болсо «Каардуу жүзүмдөр» деген китеби менен таанылган амеркалык жазуучу Жон Стейнбек каза болду.

*** 1970 -  жылы 20 -  декабрда Польшада тамак  - аш бааларынын өсүнө каршы чыккан жумушчуларга карата ок атылды, жүздөгөн киши жараланды. Өлкөдө абдан чоң кыжырданууга жол ачкан окуядан кийин Коммунисттик партиянын лидери Гомулка арызын берүүгө мажбур болду.

*** 1989 -  жылы 20 -  декабрь күнү АКШ 25 миң аскер менен Панамага кийлигишүүдө болду жана диктатор Мануэль Нориеганы бийликтен кулатты.

 

 



Тектеш кабарлар