Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1324880
Тарыхта бүгүн

*** 1273 -  жылы 17-  декабрда улуу ойчул, акын жана суфи Мевлана Желаледдин Руми Конияда дүйнөдөн кайтты. Эң чоң чыгармасы «Месневи» болгон Мевлананын өлүмдү жолугушуунун убактысы деп аныкташы менен өлүм күнүнө Шеб  - и Аруз (той кечеси) деп аталууда.

*** 1760 -  жылы 17 -  декабрда болсо 1479 – жылы  түзүлгөндүгү такталган «Ацтек календары» Мексико Ситиде табылды. 25 тонна салмактагы календарь бир күн жылын толугу менен 365 күнгө бөлүшү менен археологиялык тармагында чоң мааниге ээ болууда.

*** 1770 -  жылы 17 -  декабрь күнү белгилүү пианист жана композитор Людвиг ван Бетховен Германиянын Бонн шаарында төрөлдү.

*** 1830 -  жылы 17 -  декабрда болсо Түштүк Америка континентиндеги 6 өлкөнүн куруучу лидери катары кабыл алган Симон Боливар 57 жашында каза болду.

*** 1903 – жылы 17 -  декабрда Райт бир туугандар  биринчи моторлуу учакты АКШнын Түндүк Каролинада учурду. 12 секундга созулган учууда 37 метрдик аралыкты өттү. Ошол эле күнү болгон акыркы сыноодо учак  280 метрге учуп, 59 секунд абада болду.

*** 1965 -  жылы 17 -  декабрь күнү  БУУ Түркиянын Кипрде аскердик кийлигишүүдө болбой тургандыгы тууралуу чечим чыгарды. Бул чечимди четке каккан Түркия Лондон жана Цюрих келишимдеринде орун алган кепилдик мыйзамдарын колдонорун бүткүл дүйнөгө жарыялады.

*** 1980 -  жылы 17 -  декабрда болсо Түркиянын Сидней башкы консулу Шарык  Арыйак  жана коргоочу полиция Энгин Север армян террордук уюм АСАЛП террористтери тарабынан шейит болду.

 



Тектеш кабарлар