Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1323042
Тарыхта бүгүн

*** 1957  - жылы 13 -  декабрда Иранда болгон 7, 1 баллдык жер титирөөдө 130 киши каза болду.

*** 1960 -  жылы 13 -  декабрь күнү Франциянын президенти Де Голлдун Алжир сапарында чыккан окуяларда 123 киши каза болду.

*** 1967 -  жылы 13 -  декабрда болсо Грециянын королу 2 -  Константин  өлкөдө башкарууну колго алган аскердик хунтага каршы кыймылга өттү бирок ийгиликсиз болду. Лариссада хунтанын кулашы үчүн армияга жана элге чакыруу салган король ойлогон колдоону ала алмайынча үй  - бүлөсү менен Италияга качты.

*** 1974 -  жылы 13 -  декабрда саясатчы, дипломат  жана жазуучу Якуб Кадри  Караосманоглу 85 жашта Анкарада көз жумду.

*** 1979 -  жылы 13 -  декабрда болсо түрк адабиятынын белгилүү ысымы акын жана жазуучу Бехчет Нежатигил 63 жашында Стамбулда каза болду.

*** 1981 -  жылы 13 -  декабрь күнү Польшада генерал Ярузельский башкаруусу катуу режим жарыялады жана  Тилектештик профсоюзунун мүчөсү 14 миң жумушчу камоого алынды.

*** 1995 -  жылы 13 -  декабрда болсо Европа Парламенти Түркия менен Бажы Биримдигин бекитти.

*** 2002 – жылы 13 -  декабрда Европа Биримдиги тарыхынын эң чоң кеңейүүсүн жарыялады. 2004 -  жылы 1 -  майдан баштап 10 талапкер өлкөнүн биримдикке мүчө болору билдирилди.

*** 2003 -  жылы 13 -  декабрда АКШнын басып алышынан кийин Багдаттан качкан жана жашырынган Саддам Хүсейин туулган жери Тикрит жакындарында бир баш калкалоочу жерде Америка аскерлери тарабынан кармалды. Саддам Хүсейиндин кармалышы Иракта жүргүзүлгөн кыймылдын бурулуш жери болду.

*** 2017 -  жылы 13 – декабрь күнү Ислам Кызматташтык Уюму Стамбулда АКШнын Кудсту борбор шаар катары таанышы жана элчилигин көчүрүү чечимин  сүйлөшүү үчүн кезексиз чогулду. 48 өлкөдөн өкүл катышып, алардын ичинен 16сы мамлекет башчысы деңгээлинде болгон жыйында АКШнын чечиминин кабыл алынбагандыгы жана Палестин мамлекетинин борбор шаары Чыгыш Кудс экендиги жарыяланды.



Тектеш кабарлар