Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1322235
Тарыхта бүгүн

*** 1866 -  жылы 12 -  декабрда Британиянын Түштүк Йоркширедеги Оакс көмүр шахталарында гризу жарылуусу болуп 400гө жакын  шахтер каза болду.

*** 1870 -  жылы 12 -  декабрда болсо АКШда кулчулукту акырына чыгарган жарандык согуштан беш жылдан кийин Түштүк Королина аймагынын өкүлү болгон Жосеф Х. Рейни АКШ Конгрессине шайланган биринчи кара киши болду.

*** 1913 -  жылы 12 -  декабрда Париждеги Лувер музейинде 1911 -  жылы уурдалган «Монна Лиза» картинасы Италиянын Флоранса шаарынан табылды.

*** 1928 -  жылы 12 -  декабрь күнү дүйнөлүк адабияттын белгилүү ысымы Чыңгыз Айтматов төрөтлдү.

*** 1940 -  жылы 12- декабрда болсо фашисттерден качкан еврейлерди ташыган «Сальвадор» аттуу кеме Силиври жакындарында тушуккан бороондо аскаларга урунуп чөктү. Кемедеги 352 жүргүнчүдөн 219зу сууга чөктү же тоңуп каза болду.

*** 1946 -  жылы 12 -  декабрда  Түркия Экинчи Дүйнөлүк согушунан кийин 12 – 18 -  декабрь күндөрүн «Жергиликтүү өндүрүш жумалыгы» катары белгилей баштады.

*** 1992 -  жылы 12 -  декабрь күнү Индонезиянын Нуса Тенггара аймагындагы аралдарда 6,8 баллдык жер титирөө болду. Жер титирөөдө 1490 киши набыт болду.

*** 2000 – жылы 12 -  декабрда  АКШда болгон шайлоо жыйынтытарына акыркы чекитти федералдык жогорку соту койду. Флоридада добуштарды кайрадан саноону токтоткон жогорку  сот преиденттик шайлоодо республикачыл талапкер Жорж Буштун жеңиш менен чыккандыгын жарыялады.

*** 2003 -  жылы  12 -  декабрда болсо Азербайжандын 3 -  президенти Гейдер Алиев  дарыланган АКШда дүйнөдөн кайтты.

*** 2010 -  жылы 12 -  декабрда Керкүк түрьөрү менен таанылган өнөрпоз Абдуррахман Кызылай каза болду.



Тектеш кабарлар