Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1320011
Тарыхта бүгүн

 

*** 1893 – жылы 9 -  декабрда Стамбулду таасири астына алган катуу суукта Халич тоңду.

*** 1917 -  жылы 9 -  декабрда болсо Осмон армиясынын Палестин фронтунан чегиниши менен Кудс 400 жылга созулган Осмондук эгемендигинен чыкты. 2 күндөн кийин генерал Алленбинин командирлигиндеги англис  армиясы Яфа капкасынан кирип шаарды басып алды.

*** 1946 -  жылы 9 -  декабрь күнү Нюрнберг сотторунун экинчи баскычы башталды. «Дарыгерлердин соту» деп аталган экинчи баскычтагы сотто адамдар аркылуу   тажрыйба жүргүзгөн фашисттик илимпоздор соттолду.

*** 1987 -  жылы 9 -  декабрда болсо  Палестин жерлеринде Интифаданын башталышы менен Израиль армиясы Газа тилкесиндеги Жебалийе качкын лагерине кол салды. Кол салууда көп сандаган палестиндик каза болду.

*** 1990 -  жылы 9 -  декабрда Колдошуу кыймылынын лидери Лех Валенса Польшада президенттик шайлоодо жеңип чыкты.

*** 1992 – жылы 9 -  декабрь күнү Британиянын мураскер прици Чарльз менен принцесса Диананын ажыршкандыгы Королдук билдирүүсүнүн общиналар палатасында окулушу менен коомчулукка билдирилди. 11 жыл үй  - бүл курган жуп 1996 -  жылы расмий түрдө ажырашты.

*** 2002 -  жылы 9 -  декабрда  Индонезия өкмөтү менен Ажехтеги көтөрүлүшчүлөрдүн арасында 26 жылдык жарандык согушту акырына чыгарган тынчтык келишимине кол коюлду.

*** 2007 – жылы 9 -  декабрь күнү Түркияда экономика тармагында «аксакал» болуп саналган профессор доктор Себахаттин Заим 81 жашында Стамбулда көз жумду.



Тектеш кабарлар