Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1318960
Тарыхта бүгүн

*** 1865 -  жылы 6 -  декабрда жарандык согуштан кийин АКШ конституциясына кулчулукка тыюу салган 13 -  берене кошулду. Кулчулукка каршы АКШнын президенти Абрахам Линкольн түзөтүүнүн мыйзамдаштырылгандыгын көрө албады.Ошол эле жылы Линкольн 18 -  апрелде кол салууда каза болду.

*** 1907 -  жылы 6 -  декабрь күнү АКШнын Мононгах шаарында гризунун жарылышы менен 362 шахта жумушчусу каза болду.

*** 1950 -  жылы 6 -  декабрда болсо Кытай  Корея согушуна катышты. БУУнун күчтөрүнүн колундагы Пхеньян шары Түндүк Корея армиясы тарабынан колго түшүрүлдү.

*** 1959 -  жылы 6 -  декабрь күнү Түркия биринчи жолу АКШ президентин тосуп алды. Президент Эйзенхауэр сапар менен Түркияга келди.

*** 1971 -  жылы 6 -  декабрда Индиянын Пакистандан көз карандысыздыгын жарыялаган Бангладешти расмий түрдө таанышы эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык жана аскердик кризиске жол ачты.

*** 1997 -  жылы 6 -  декабрда Антонов моделиндеги Орусия жүк ташуучу учагы Сибирде кырсыкка учурап  үйлөрдүн үстүнө түштү. Кырсыкта 67 киши каза болду.

*** 2008 -  жылы 6 -  декабрда Афинада 15 жаштагы бир жаш жигиттин полиция тарабынан атып өлтүрүлүшү менен  көчө митингдери башталды. Көптөгөн күнгө созулган митингдерде жүздөгөн киши жараланды.

*** 2017 -  жылы 6 -  декабрда АКШнын президенти Дональд Трамп Кудсту Израилдин борбор шаары катары тааныгандыгын жана элчиликти Кудска көчүрүшөрүн билдирди. Ислам өлкөлөрү каршы чыккан чечимден кийин Стамбулда чогулган Ислам Кызматташык Уюму Чыгыш Кудсту Палестиндин борбор шаары катары тааныгандыгын жарыялады.



Тектеш кабарлар