Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1316970
Тарыхта бүгүн

 

*** 1154 -  жылы 4 -  декабрда папалык орундугуна биринчи жолу бир британиялык шайланды.

*** 1858 – жылы 4 -  декабрь күнү британиялыктар Индия – Түрк империясынын өкүмдары 2 -  Бабур шахты тактыдан түшүрүп, газнелик Махмуддан, 9 -  кылымдан бери келген түрк бийлигин акырына чыгарды. Бабур шах Бирманияга сүргүнгө айдалды.

*** 1856 -  жылы 4 -  декабрда болсо  Осмон мамлекетине бюрократ тарбиялоо үчүн Падыша Абдүлмежид тарабынан Мектеб -  и Мүлкийе ачылды.

*** 1918 -  жылы 4 -  декабрда АКШнын президенти Вудро Вильсон Биринчи Дүйнөлүк согушунун тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн Францияга барды. Вильсон кызматта турганда Европага барган биринчи АКШ президенти болду.

*** 1943 -  жылы 4 -  декабрь күнү АКШнын президенти Рузвельт жана Британиянын премьер  - министри Черчилль  Түркиянын Германияга каршы согушка кириши үчүн Каирде президент Исмет Инөнү менен жолугушту. 3 күнгө созулган сүйлөшүүнүн акырында Исмет Инөнү АКШ жана Британиянын Түркиянын согушка кириши тууралуу талабын кайра кайтарды. Түркия согуштун бүтүшүнө аз убакыт калганда Германия жана Японияга согуш жарыялады жана БУУнун куруучу мүчөлөрүнүн арасына кошулду.

*** 2011 -  жылы дүйнөлүк футболдун легендарлуу ысымдарынан Бразилия улуттук командасынын оюнчусу Сократ 57 жашында көз жумду.



Тектеш кабарлар