Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1316036
Тарыхта бүгүн

 

*** 1804-  жылы 2 -  декабрда Наполеон Бонапарт  Парижде папа катышкан азем менен императорлук таажысын кийди.

 

*** 1873 -  жылы 2 -  декабрь күнү Осмон империясынын биринчи биржасы болуп саналган «Дерсаадет облигация биржасы»  азем менен ишке кирди.

 

*** 1888 – жылы 2 -  декабрда 1872 -  жылы жазган 4 перделик театр оюну «Мекен же Силистре» менен таанылган жазуучу жана акын Намык Кемал Сакыз аралында 48 жашында көз жумду.

 

*** 1920 – жылы 2-  декабрда болсо Түркия Жогорку Улуттук Парламентинин өкмөтү менен Армениянын ортосунда Гүмрү келишимине кол коюлду. Түркия Улуттук Парламентинин эл аралык тармакта кол койгон биринчи келишим болгон Гүмрү келишими ишке кирген жок бирок  бул келишимдин негизи болгон Москва жана Карс келишимдери менен Түркиянын чыгыш чектери такталды.

 

*** 1942 -  жылы 2 -  декабрда АКШлык илимпоздор  биринчи көзөмөлдөнгөн  чынжырлуу атомдук реакцияны ишке ашырышты. Бул эмгек менен атом бомбасын жасоонун пайдубалын түздү.

 

*** 1956 -   жылы 2 -  декабрь күнү Фидель Кастро Гранма яхтасы менен Кубага барды. 5 жылдан кийин ошол эле күнү Кастро өзүн Кубаны коммунизмге  алып бара турган лидер катары жарыялады.

 

*** 1982 -  жылы 2 -  декабрда доктор Роберт Жарвик тарабынан  жасалган биринчи жасалма жүрөк Барней Кларк аттуу оорулууга салынды. Кларк 112 күн жашады.

 

*** 1993 – жылы 2 -  декабрда болсо өмүрү кинолорго тема болгон колумбиялык  нарко бизнестин императору Пабло Ескобар Меделлин шаарында коопсуздук күчтөрү менен кирген кагылышууда өлтүрүлдү.



Тектеш кабарлар