Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
*** 1402 - жылы 1 - декабрда Анкара согушунда осмондук армиясына жеңилген Амир Тимур 57 жылдан бери Родос рыцарларынын башкаруусундагы Измирди курчоого алды. Курчоодон каалаган жыйынтыкты ала албаган Тимур Анадолудан чыгуу чечимин чыгарды.
*** 1906 – жылы 1 - декабрда болсо дүйнөнүн биринчи кино залы Парижде ачылды.
*** 1913 - жылы 1 - декабрь күнү Форд Мотор өнөр жайы автомобиль өндүрүүдө төңкөрүшкө жол ачкан биринчи мотаждоо блогун ишке киргизди.
*** 1925 - жылы 1 - декабрда Биринчи Дүйнөлүк согушунан кийинки саясий чектердин өзгөртүлүшү үчүн Франция, Германия, Британия, Италия, Польша, Бельгия жана Чехославакиянын ортосунда Локарно келишимине кол коюлду.
*** 1931 - жылы 1 - декабрь күнү биринчи үндүү түрк киносу Мухсин Эртугрул режиссеру болгон «Стамбул көчөлөрүндө» аттуу кино көрсөтүлдү. Кинодо бир аялга ашык болгон эки бир туугандын баяны сүрөттөлгөн.
*** 1935 - жылы 1 - декабрда болсо АКШлык актер, жазуучу жана режиссер Вуди Аллен Нью – Йоркто төрөлдү.
*** 1964 - жылы 1 - декабрь күнү Түркияны Европа Экономикалык Коомуна орток мүчө кылган Анкара келишими ишке кирди. Келишим Бажы Биримдиги жана Түркиянын толук мүчө катары Европа Экономикалык Коомуна кошулушун күтүп жаткан.
*** 1981 - жылы 1 - декабрда Югославия аба жолдоруна таандык жүргүнчү учак Корсика аралында кырсыкка учурады. Кырсыкта 178 киши каза болду.
*** 1987 - жылы 1 - декабрда болсо Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнөлүк СПИД күнүн жарыялады.
*** 1990 - жылы 1 - декабрь күнү Ла Манш туннелинин Британия жана Францияда башталган бөлүктөрү деңиздин 40 метр астында бирикти.
*** 2000 – жылы 1 – декабрда Чилинин мурунку диктатору Огусто Пиночеттин кылмыш жана адам уурдоодон камалышына чечим чыгарылды.