Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон негизги окуялар.

1314772
Тарыхта бүгүн

*** 1943 -  жылы 28 -  ноябрда АКШнын президенти Рузевельт Британиянын премьер  - министри Черчилль жана Советтер союзунун лидери Сталин  Тегеран саммитинде  жолугушту. 3 күнгө созулган саммитте Экинчи Дүйнөлүк согушунан кийинкиси үчүн союздаштардын арасында ортого чыккан пикир айырмачылыктар белгилүү болду.

*** 1967 -  жылы 28 -  ноябрь күнү Кипрде рум козголоңчуларына каршы түрк реактивдеринин эскертүү учуулары жүрүп жатканда Кипрдын президенти Макариос түрк жана грек аскерлеринин аралдан чыгып кетишин талап кылды. Ошол эле учурда Түркия менен Грециянын ортосунда жүргүзүлгөн дипломатиялык сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыкты жана маселе чечилди.

*** 1977 -  жылы 28 -  ноябрда  Жаңы Зеландиядан Антарктикадага карай жолго чыккан жүргүнчү учак Росс аралында кырсыкка учурады. Кырсыкта 257 киши каза болду.

*** 2002 -  жылы 28 -  ноябрь күнү түрк поэзиясынын чебери «Гарип» агымынын жол башчыларынан Мелих Жевдет Андай 87 жашында Стамбулда каза болду.

*** 2002 – жылы 28 -  ноябрда болсо Кенияда израилдиктерге таандык бир мейманканада  Аль Каиданын мүчөсү террористтер тарабынан жан кечтилик кол салуу жасалды. Кол салууда 12 киши каза болду.

 

 



Тектеш кабарлар