Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
*** 1812 - жылы 26 - ноябрда Бонапарттын Орусия согушу ийгиликсиз болду. Москванын алдына чейин барган Наполеон Бонопарттын командирлигиндеги француз армиясы чоң жоготууга учурап Орусиядан чегине баштады.
*** 1942 - жылы 26 - ноябрь күнү немис армиясына каршы Сталинградда көптөгөн күнгө созулган коргонуу үчүн согушкан советтик аскерлери каршы кол салууга өттү. Сталинград согушу Экинчи Дүйнөлүк согушунда немистердин аскердик үстөмдүгүн акырына чыгарды.
*** 1943 - жылы 26 - ноябрда болсо Амасия, Чорум, Самсун, Токат, Орду жана Кастамонуну таасири астына алган эпицентри Тося жана Ладик болгон 7, 2 баллдык жер титирөөдө 4 миңден ашуун киши каза болду. Жер титирөөдө 25 миңге жакын имарат зыян тартты.
*** 1962 - жылы 26 - ноябрь күнү АКШ башкаруусу «Куба ракета кризисинде» советтер союзуна берген убаданын негизинде Түркиядагы юпитер ракеталарын чыгаруу чечимин чыгарды.
Ушул эле күнү 1993 - жылы Германия Түркиянын дипломатиялык аракеттеринин акырында ПККны террордук уюм катары жарыялады. Террордук уюмдун өлкөдөгү бардык мекемелерин жапты.