Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1308468
Тарыхта бүгүн

*** 1601 -  жылы 18-  ноябрда Тиряки Хасан Пашанын командирлигиндеги Осмон армиясы  стратегиялык мааниге ээ Канже чебин басып алды.

*** 1865 -  жылы 18 -  ноябрда чыныгы аты Сэмюэл Лэнгхорн Клеменс болгон америкалык жазуучу Марк Твендин  биринчи аңгемеси «Калаверсанын белгилүү курбакасы»  жарыяланды. Жазуучуну дүйнөгө тааныткан чыгармасы болсо «Том Сойер менен Гекльберри Финна» эле.

*** 1927 -  жылы Стамбул радиосунан кийин Анкара радиосу да берүүлөрүн бере баштады.

*** 1928 -  жылы 18 -  ноябрда Уолта Диснейдин «Буулуу кеме» аттуу биринчи чыгармасы синхрондуу үн менен  Мики Маус киносу көрсөтүлдү.

*** 1933 – жылы 18 -  ноябрда Осмон империясы мезгилинен калган «Дарүлфүнун» Стамбул университети деген ат менен кайрадан ачылды. Жаңы университет Европада билим алган түрк илимпоздору менен бирге фашисттерден качкан 38 еврей профессорго да каалгаларын ачып, күчтүү билим берүү кадрын түздү.

*** 1940 -  жылы 18 -  ноябрда Түркияда абадан кол салууларга каршы бардык шаар жана кыштактарда түнкү сааттарда карартуу чечими чыгарылды.

*** 1941 -  жылы 18 -  ноябь күнү Советтер союзуна танадык экендиги ортого салынган суу түбүндөгү кеме Бургазада жакындарында «Йениже» жүк ташуучу кемени чөктүрдү: 12 киши каза болду.

*** 1967 -  жылы 18 -  ноябрда болсо Кипрде БУУнун Тынчтык күчүнүн текшерүүсү астындагы Эренкөйгө куралдуу румдардын кол салышы менен түрк күрөшчүлөр менен рум козголоңчулардын арасында 7 саатка созулган кагылышуу чыкты.

Түрк аскердик учактары төмөндөн учуп  окуяга кийлигишти.

*** 1977 – жылы 18 -  ноябрда Египеттин мамлекет башчысы Энвер Седат Израилге барды. Седат Изриалге барган биринчи араб лидер болду.

*** 1978 -  жылы 18 -  ноябрь күнү «Элдин храмы»  деп аталган сектанын мүчөлөрү топ түрүндө жандарын кыйды. Сектанын 914 мүчөсүнүн сөөгү Гайананын Жонстон шаарына жакын токой аянтында табылды. Алардын ичинде 276 бала да болгон.

*** 2007 -  жылы 18 -  ноябрда Украинанын чыгышындагы Засядко кендеринде болгон  кырсыкта 101 жумушчу каза болду.

*** 2017 -  жылы 18 -  ноябрда болсо Олимпиада жана дүйнөлүк чемпион «Кичинекей Геруль» Наим Сүлейманоглу  дарыланып жаткан ооруканада каза болду. 1988 -  жылы Сеул олимпиадаларында  9 дүйнөлүк жана 6 олимпиада рекордуна жетишкен Сүлейманоглу атын спорттун легендарлуу ысымдарынын арасына жаздырды.



Тектеш кабарлар