Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

*** 1542 - жылы 17 - ноябрда осмондук падышасы Кануни Султан Сүлейман Эстергон жортуулун баштады.Бул жортуулда Австрия - Венгрия императорлугунун колундагы Бельград шаары менен Эстергон жана башка бир топ чеп алынды.
*** 1558 - жылы 17 - ноябрда Британиянын Ханышасы 1 - Елизабет тактыга чыкты. 1 - Елизабет 45 жылга созулган өкүмдарлыгында өлкөсүн колониячыл императорлук абалына алып келди.
*** 1869 - жылы 17 - ноябрь күнү Британия тарабынан курулган Суэц каналы ишке кирди. Канал биринчи жолу ачылганда узундугу 164 километр, тереңдиги 8 метр болгон.
*** 1952 - жылы 17 - ноябрда Жемал Абдүл Насыр лидерлигиндеги Эркин офицерлер кыймылы Египеттин королу 1 - Фарукту тактыдан кетүүгө мажбурлады. Король Фарук сүргүнгө айдалды.
*** 1989 - жылы 17 - ноябрда Чехословакияда «Бархат төңкөрүшү» башталды. Тынчтыкчыл бир митинг үчүн борбор шаар Прагада чогулган студенттер полициянын катуу кийлигишүүсү менен жалпы өлкөгө жайылган окуялар Чехославакиядагы коммунисттик режимдин бийликтен кетиши менен жыйытыкталды.