Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1306241
Тарыхта бүгүн

 

*** 1840 – жылы сүрөт өнөрүндө импрессионизм агымынын куруучуларынан Клод Моне Францияда төрөлдү.

*** 1889 -  жылы 14 -  ноябрда New York World  гезитинин кызматкери Енлли Бли 40 миң 71 километрге созула турган дүйнөлүк турун баштады. Бли саякатынын булагы болгон «Сексен күндө ааламды кыдыруу» аттуу китептин жазуучусу Жюла Верна менен таанышты.

*** 1944 – жылы 14 -  ноябрда Ахыска түрктөрү Сталин башкаруусу тарабынан жапа тырмак сүргүнгө айдалды. Ахыска түрктөрү советтер союзунун ичинде 13 аймакка таркатылды. Сүргүнгө каршы чыккан 24 миңге жакын Ахыска түркү өлтүрүлдү.

*** 1971 -  жылы Маринер – 9  марска жетти жана башка бир планетанын орбитасында айланган биринчи космостук унаа болду.

*** 1993 -  жылы 14 -  ноябрь күнү Наим Сүлейманоглу Мельбурндагы дүйнөлүк штанга чемпиондугунда  3 алтын медаль алып, дүйнө чемпиону болду.

*** 2001 -  жылы 14 -  ноябрда Түркия А улуттук курама футболдук командасы Австрияны жеңип 48 жылдан кийин Дүйнөлүк кубоктун финалдарына катышуу укугуна ээ болду.



Тектеш кабарлар