Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1302957
Тарыхта бүгүн

*** 1494 -  жылы 6 -  ноябрда дүйнө «Даңазалуу» деп тааныган Кануни Султан Сүлейман Трабзондо төрөлдү. Кануни Султан Сүлйман атасы Явуз Султан Селимден кийин 10-  Осмон падышасы болуп тактыга отурду жана 46 жыл Осмон империясын башкарды. Осмон империясы анын доорунда эң чоң чегине жетти.

*** 1860 -  жылы 6 -  ноябрда Абрахам Линкольн АКШнын 16 -  президенти блуп шайланды. Линкольн Американын жарандык согушунда кулчулукту жактаган түштүк аймактарына каршы жеңишке жетишип өлкөнүн биримдигин сактаган лидер. АКШда кулчулукка Линкольн мезгилинде тыюу салынды.

*** 1893 -  жылы 6 -  октябрда дүйнөгө белгилүү чыгармаларга кол койгон орус композитор Петр Ильич Чайковский 53 жашында Саин Петербургда каза болду.

*** 1944 – жылы 6 -  ноябрда АКШ Хэнфордск атомдук комплекстеринде биринчи жолу плутоний чыгарды. Бул плутоний Япониянын Нагасаки шаарына таштаган атом бомбасынын жасалышында колдонулду.

*** 1983 -  жылы 6 -  ноябрда 12 -  сентябрдагы аскердик козголоңдон кийин эл биринчи жолу добуш берди. 12 -  сентябрь башкаруусу уруксат берген 3 партия ат салышкан шайлоо күтүлбөгөн жыйынтык менен аяктады.  Тургут Өзал лидери болгон "Анаватан" партиясы 211 депутат чыгарып жалгыз бийликке келе турган көпчүлүк добушка жетишти. Элдик партия 117,  12 – сентябрь аскердик башкаруусу колдогон Тургут Суналп лидерлигиндеги Улутчул Демократия партиясы болсо 71 гана депутат чыгарды.

*** 1985 -  жылы 6-  ноябрь күнү Колумбияда өкмөткө каршы куралдуу кишилер борбор шаар Боготадагы адилет сарайын  басып алды. Коопсуздук күчтөрү менен куралдуу кишилердин ортосунда чыккан кагылышууда 115 киши каза болду. Алардын ичинен 11  киши жогорку сот.

*** 1988 – жылы 6 -  ноябрда болсо ПКК террористтери Мардиндин Даргечит районунда бир айылды басып алды жана 4 кишини шейит кылды. Алардын ичинен үчөөсү  мугалим болгон.



Тектеш кабарлар