Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1299836
Тарыхта бүгүн

*** 1839 -  жылы 3 -  ноябрда Осмон империясында «Гүлхане Хатт  -  ы Хүмаюну» билдирди. Танзимат доорун баштаган билдирүү менен өлкөдөгү демократиялашуу аракеттери биринчи жолу мыйзамдуу негизге алып барылды.

*** 1957 -  жылы 3 -  ноябрь күнү советтер союзу экинчи жасалма спутник «Спутник - 2ни» космоско учурду. Бул спутникте космоско барган биринчи жаныбар болгон Лайка аттуу ит да болгон.

*** 1982 – жылы 3 -  ноябрда болсо  Гиндукуш тоолорунан өткөн жана Афганстандын түндүгү менен түштүгүн бири бирине байланыштырган Саланг туннелинде өрт чыкты. Өрттө 2 миңден ашуун киши каза болду.

*** 1983 -  жылы 3 -  ноябрь күнү дүйнөнүн 5 -  чоң суу сактагычы «Ататүрк» суу сактагычы менен гидро электр станциясынын пайдубалы түптөлдү. Курулушу 11 жылга созулган суу сактагычтын көл аянты 817 километр квадрат.

*** 1985 -  жылы 3 -  ноябрда болсо эки француз агент Жаңы Зеландияда Гринпис корабли «Rainbow Warriorду» чөктүрүү менен күнөөлөндү.

*** 1992 – жылы 3 -  ноябрь күнү Иллиноис сенатору  демократ Карол Моселей  - Браун АКШ сенатына шайланган биринчи кара аял болду.

*** 1996 -  жылы 3 -  ноябрда Балыкесир облусунун Сусурлук районунда болгон жол кырсыгында коопсуздук директору Хүсейин Кожадаг менен бирге 3 киши каза болуп, ДЙПнин Шанлыурфа депутаты Седат Эдип Бужак  жараланды. Каза болгондордон бирөөсүнүн Мехмет Өзбай аттуу жасалма күбөлүктүү Абдуллах Чатлы экендиги ортого чыкты. Кырсык түрк саясат тарыхына «Сусурлук окуясы» деген ат менен өттү.

*** 2002 -  жылы 3 -  ноябрда Түркияда эрте жалпы шайлоо өткөрүлдү. Бир гана Республикалык элдик партиясы менен жаңы курулган АК партия Түркия Улуттук Парламентине өкүлдөрүн киргизе алды.  363 депутат чыгарган АК партия жалгыз өкмөт куруу үчүн көпчүлүк добушун алды.



Тектеш кабарлар