Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
***634-жылдын 23-августунда азирети Мухаммеддин алгачкы Халифасы азирети Абу Бакир 63 жашында дүйнө салган.
***1305-жылы 23-августта «Эр жүрөк» тасмасына да тема болгон шотландиялык патриот Сэр Уильям Уоллес Лондондо кыйноо менен өлтүрүлгөн.
***1514-жылы 23-августта Явуз Султан Селим башкарган Осмон армиясы Чалдыран согушунда Шах Исмаилдин армиясын жеңди.
***1921-жылдын 23-августунда Боштондук согушунун эң татаал согуштарынан бири Сакария майдан согушу башталды.
***1923-жылдын 23-августунда ТУУЖ «Лозанна» келишимин ратификациялады.
***1925-жылы 23-августта президент Мустафа Кемал Ататүрк, Кастамонуда баш кийим жана кийим-кечек реформасын баштаган.
***1939-жылы 23-августта Германия менен Советтер Союзунун ортосунда кыска мөөнөткө созула турган Кол салбастык пактына кол коюлду. Бул келишим Гитлердин Польшаны басып алуусун жеңилдеткен.
***1942-жылы 23-августта 2-Дүйнөлүк согушунун тагдырын өзгөрткөн Сталинград курчоосу башталды.
***1944-жылдын 23-августунда Американын согуштук учагы Англиянын Фреклтон шаарындагы бир мектептин үстүнө кулап түшүп, 61 киши каза тапты.
***1990-жылдын 23-августунда Батыш Германия менен Чыгыш Германия 3-октябрда кошула тургандарын жарыялады.
***2000-жылдын 23-августунда Gulf Airге таандык жүргүнчү учагы Бахрейнге жакын жерде Перс Булуңуна кулап түшүп, 143 киши көз жумду.
***2005-жылдын 23-августунда Перуда жүргүнчү учагы кулап түшүп 41 киши каза болду.