Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1303009
Тарыхта бүгүн

*** 1936 -  жылы 9 -  ноябрда Түркиянын Стамбул жана Чанаккале кысыктарындагы эгемендик укуктарын кепилдикке алган Монтро кысыктар келишими ишке кирди. Келишим менен түрк кысыктарынан жарандык жана аскердик кемелердин өтүү режими жөнгө салынып, кысыктар аймагынын башкаруусу менен коопсуздугу толугу менен Түркияга берилди.

*** 1938 -  жылы 9 -  ноябрда Германияда фашисттик башкаруунун еврейлерге каршы «Кристал түн» деп билинген окуяларда бир гана Берлинде 7 миң дүкөндө талап  - тоноо болуп, көп сандаган еврей өлтүрүлдү. Жалпы Германияда болсо 200дөн ашуун синагога өрттөлдү.

*** 1985 -  жылы 9 -  ноябрда Гарри Каспаров Анатолий Карповду жеңип дүйнөлүк шахмат чемпиону болду. Каспаров бул номинацияны  15 жыл алып жүрдү.

*** 1989 -  жылы 9 -  ноябрь күнү Чыгыш Германия өкмөтүнүн эки Германиянын ортосундагы саякатты эркин коё бериши менен миңдеген киши Берлин дубалын ашып Федералдык Германияга өтө баштады.

*** 1993 -  жылы 9 -  ноябрда болсо Югославия жарандык согушунда  хорваттар арттилериялык атуулар менен тарыхый Мостар көпүрөсүн кулатты. Жарандык согуштун сиволу болгон көпүрө 1566 – жылы Босния  - Герцеговинанын осмондук башкаруусунда болгон мезгилде курулган. Тарыхый көпүрө Түркиянын  жол башчылыгында 2004 -  жылы рестоврацияланып, кайрадан ишке кирди.

*** 2016- жылы 9 -  ноябрда АКШда президенттик шайлоодон  жеңиш менен чыккан Республикачыл партиянын талапкери  Дональд Трамп болду. Барак Обамадан кызматты өткөрүп алган Дональд Трамп АКШнын 45 -  президенти болду.

 

 

 



Тектеш кабарлар