Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1162297
Тарыхта бүгүн

*** 624 -  жылы 13 -  мартта меккеликтердин мусулмандарды орун которууга мажбурлоолору жана орун которуудан кийин артта калтырган мал  - мүлктөрүн талап  - тоноосу менен мусулмандар менен динге ишенбеген меккеликтердин арасында Бедир Согушу чыкты. Согуштан мусулмандар жеңиш менен чыкты.

*** Күн системасынын жетинчи планетасы болгон уран немис тектүү англис астроном Уильям Гершель тарабынан 1781 -  жылы 13 -  март күнү табылды.

 

*** 1840 -  жылы 13 -  мартта болсо Осмон мамлекетинде Руми календары колдонула баштады. 1870 -  жылга келгенге чейин хижра жана Руми календары бирдикте колдонулду.

 

*** 1996 -  жылы 13 -  мартта Шотландиянын Дунблане кыштагындагы бир башталгыч мектепти басып алган куралдуу бир киши 3 минутанын ичинде 3 мугалимди жана 5 – 6  жаштагы 16 баланы атты. Кол салуучу өзүн өзү  атуу менен жанын кыйды.

 

*** 2013 -  жылы 13 -  мартта аргентиналык кардинал Хорхе Марио Бергоглио католик дүйнөсүнүн 266 -  папасы болуп шайланды. Бергоглио 1000 – жылдан бери Европа тышынан шайланган жана латын америкалык болгон биринчи папа болду.

 

*** 73  сантиметрдик боюу менен дүйнөнүн басып жүрө алган кишиси катары Гиннес рекорддор китебине кирген Хи Пингпинг 2010 – жылы 13 – мартта каза болду.



Тектеш кабарлар