Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1159854
Тарыхта бүгүн

*** 1764 -  жылы 9 -  мартта падыша 3 -  Мустафа тарабынан курдуртулган «Лалели» мечити ыбадатка ачылды.

*** 1788 – жылы 9 -  мартта NGC 2841 спирал түрүндөгү галактика табылды. NGC 2841 «Чоң аюу» топ жылдызы багытындагы бир спирал түрүндөгү галактика астрономом Уильямом Гершель тарабынан табылды.

*** 1814 -  жылы 9 -  мартта Наполеон армиялары жеңилүүгө учурап чегинген бир мезгилде Вена конгресси чогулду. Вена  конгресси Европадагы чек аралар жана күчтөр тең салмактуулугун кайрадан белгилөөгө карата чечимдерди чыгаруу үчүн чогулган.

*** 1842 -  жылы 9 -  мартта Джузеппе Вердинин үчүнчү опера чыгармасы «Набукко» биринчи жолу Миланда сахнага чыкты.

*** Гитлер 1935 -  жылы 9 -  мартта жаңы бир аба күчтөрүн түзөрүн жарыялады.

*** 1956 -  жылы 9 -  мартта Кипр Рум Коомунун лидери башкы эпископ Макариос Британия тарабынан Сейшел аралдарына сүргүнгө айдалды.

*** 1983 -  жылы 9 -  мартта  Бельград кол салуусу болду. Түркиянын Бельград элчиси Галип Балкар эки кол салуучу тарабынан жараланды. Элчи эки күндөн кийин каза тапты. Кол салууну армян террордук уюму JCAG жана ASALA моюнга алды.



Тектеш кабарлар