Керем Актүркоглунун ийгилиги...
Түркиянын Улуттук курамасы УЕФА Улуттар В лигасынын 4 тайпасынын экинчи оюнунда Керем Актүркоглунун голдору менен Исландияны 3-1 эсебинде жеңди.
Керем Актүркоглудан көрсөтүү...
Түркиянын Улуттук курамасы УЕФА Улуттар В лигасынын 4 тайпасынын экинчи оюнунда Керем Актүркоглунун голдору менен Исландияны 3-1 эсебинде жеңди.
Измирдеги Гүрсел Аксел стадионунда ойнолгон беттеште Улуттук курама командабыздын голдорун 2, 52 жана 88-мүнөттө Керем Актүркоглу киргизсе, Исландиянын голун 37-мүнөттө Палссон киргизди.
Керем Актүркоглу хет-трик менен беттеште из калтырды.
Ал арада беттештин 58-мүнөтүндө Керем Актүркоглу топту дарбазага киргизип, офсайддан улам гол жараксыз болуп калды.
VAR кароо учурунда бир аз убакыт табелде гол жазылганына карабастан, VAR чечими офсайд үчүн болду.
Уэльс менен өткөн беттеште жаракат алган Арда Гүлер 90 мүнөт оюн талаасында болду.
Реал Мадриддин жаш жылдызы голго карай пастары жана критикалык пастары үчүн чоң алкыш алды...
Тайпанын башка беттешинде Уэльс конокто Черногорияны 2-1 эсебинде жеңди.
Бул жыйынтыктан кийин Улуттук курамабыз упайларын 4кө жеткирип, гол айырмасындагы айырма менен Уэльстен жогору көтөрүлдү.
Исландия 3 упайга ээ болсо, Черногория упайсыз калды.
Тектеш кабарлар
Чемпиондор лигасынын экинчи жумадагы оюндары жыйынтыкталды...
Европа футболунун клубдук деңгээлдеги номер биринчи уюмунун экинчи жумасында 9 беттеш өткөрүлдү.
Түрк командаларынын беттештери ТРТ экрандарында...
Фенербахче, Бешикташ жана Галатасарайдын беттештери бүгүн ТРТдан түз эфирде көрсөтүлөт.