Париж-2024 Паралимпиада оюндарындагы тарыхый ийгилик...
Түркия тарыхындагы эң мыкты көрсөткүчкө Париж 2024 Паралимпиадалык оюндарында жетишти.
Париж-2024 Паралимпиада оюндарындагы тарыхый ийгилик...
Түркия тарыхындагы эң мыкты көрсөткүчкө Париж 2024 Паралимпиадалык оюндарында жетишти.
Оюндарда улуттук спортчуларыбыз 6 алтын, 10 күмүш жана 12 коло болуп жалпы 28 медалга ээ болушту.
Токио-2020да 45-орунда турган Түркия, Париж 2024те 23-орунга көтөрүлдү.
Медаль рейтингинде дагы биринчи орун Токио-2020да болгону сыяктуу Кытайга таандык.
Париж-2024 Паралимпиада оюндарында Голбол боюнча кыз-келиндерден турган улуттук курама команда Израилди жеңип чемпион болуп, алтын медалга ээ болду.
Пара сүзүү боюнча 50 метр жана 200 метрге эркин сүзүүдө Үмүт Үнлү Түркияга эки алтын медаль алып келди.
Ушундайча Үнлү бир эле мелдеште Түркияга 2 алтын медаль алып келген биринчи паралимпиада спортчусу болду.
«Пара жаа атуу» боюнча алтын медалды 16 жылдан кийин Өзнур Куре Гирди алды...
Өзнур «аялдар арасындагы чыгырыктуу жаа атуу» финалында ирандык Фатемех Хемматиди жеңип алтын медалга ээ болду.
Алтын медалга ээ болгон башка спортчуларыбыз болсо «пара таэквондо» боюнча 63 килограммда Махмут Бозтеке жана «пара дзюдо» боюнча +90 килограммда Ибрахим Бөлүкбашы болду.
Тектеш кабарлар
Чемпиондор лигасынын экинчи жумадагы оюндары жыйынтыкталды...
Европа футболунун клубдук деңгээлдеги номер биринчи уюмунун экинчи жумасында 9 беттеш өткөрүлдү.
Түрк командаларынын беттештери ТРТ экрандарында...
Фенербахче, Бешикташ жана Галатасарайдын беттештери бүгүн ТРТдан түз эфирде көрсөтүлөт.