Улуттук баскетболчу Илкан Караман жол кырсыгынын кесепетинен каза болду
Түркия баскетбол федерациясы «Чайырова Беледиеспор» клубунда ойногон 34 жаштагы баскетболчунун каза болгонун билдирди.
Улуттук баскетболчу Илкан Караман жол кырсыгынын кесепетинен каза болду.
Түркия баскетбол федерациясы «Чайырова Беледиеспор» клубунда ойногон 34 жаштагы баскетболчунун каза болгонун билдирди.
Федерациянын көңүл айтуу билдирүүсүндө, "Улуттук курама командабыздын формасын кийген оюнчуларыбыздан Илкан Карамандын каза болгонун терең кайгыруу менен билдик. Түркия баскетбол федерациясы катары маркумга Аллахтан ырайымын тилеп, анын кымбат үй-бүлөсүнө, жакындарына жана баскетбол коомчулугуна көңүл айтабыз" делди.
Илкан Караман карьерасында TOFAŞ, Каршыяка, Фенербахче, Ажыбадем университети, Бешикташ, Стамбул Бүйүкшехир Беледиеспор, Бүйүкчекмече Баскетбол, Чолет, Антибес Шаркс, Петкимспор, Яловаспор, Маниса Бүйүкшехир Беледиеспор, Формоса Тайшин жана Чайырова Беледиеспордо ойногон.
Фенербахче, Бешикташ жана Галатасарай клубдары да Илкан Караман үчүн көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялашты.
Тектеш кабарлар
Чемпиондор лигасынын экинчи жумадагы оюндары жыйынтыкталды...
Европа футболунун клубдук деңгээлдеги номер биринчи уюмунун экинчи жумасында 9 беттеш өткөрүлдү.
Түрк командаларынын беттештери ТРТ экрандарында...
Фенербахче, Бешикташ жана Галатасарайдын беттештери бүгүн ТРТдан түз эфирде көрсөтүлөт.