Түркия Паралимпиадалык оюндарын 28 медаль менен аяктап, өз рекордун жаңылады
Тарыхында эң мыкты Паралимпиадалык оюндарды өткөргөн Түркия 10 башка тармакта жалпы 28 медаль, 6 алтын, 10 күмүш жана 12 коло утуп алды.
Түркия Париж-2024 Паралимпиадалык оюндарын 28 медаль менен аяктап, өз рекордун жаңылады.
Тарыхында эң мыкты Паралимпиадалык оюндарды өткөргөн Түркия 10 башка тармакта жалпы 28 медаль, 6 алтын, 10 күмүш жана 12 коло утуп алды.
Көп жагынан тарыхта калган оюндарда Рио 2016да 3 алтын медалын 6 алтын менен эки эсеге көбөйткөн Түркия Токио 2020де алган медалдарынын жалпы санын дээрлик эки эсеге көбөйтүп, оюндарды 28 медаль менен жыйынтыктады.
Париж 2024 Паралимпиадалык оюндарынын 11-күнүндө эркектер арасында +90 кило J2 категориясында Пара дзюдочу Ибрахим Бөлүкбашы, сууда сүзүү категориясында эркектер арасында 200 метрде эркин стилде S3 классында Үмүт Үнлү алтын медалга ээ болду.
Үнлү Парижде экинчи алтын медалын алып, бир мелдеште эки чемпиондукту алган биринчи түрк спортчусу болду.
Үмүт Үнлү 50 метрге эркин сүзүүдө алтын медаль алып, тарыхый ийгиликке жетишти.
Улуттук атлет Сибел Чам штангада коло, дзюдодо Назан Акын Гүнеш коло медалга ээ болушту.
Тектеш кабарлар
Чемпиондор лигасынын экинчи жумадагы оюндары жыйынтыкталды...
Европа футболунун клубдук деңгээлдеги номер биринчи уюмунун экинчи жумасында 9 беттеш өткөрүлдү.
Түрк командаларынын беттештери ТРТ экрандарында...
Фенербахче, Бешикташ жана Галатасарайдын беттештери бүгүн ТРТдан түз эфирде көрсөтүлөт.