Түркиянын Париж 2024 Паралимпиадалык оюндарында Түркиянын медалдарынын саны 25ке жетти
Паралимпиада тарыхындагы эң ийгиликтүү оюндарын өткөргөн Түркия Париж - 2024түн онунчу күнү 4 медалга жетишти.
Франциянын борбор шаары Парижде тарыхынын эң мыкты паралимпиада оюндарын өткөргөн жана медаль рекордуна жеткен Түркия оюндардын 10 - күнүндө 1 алтын жана 3 коло болгон 4 медалга жетишти.
Күндүн эң чоң ийгилиги пара сүзүүчү Үмүт Үнлүдөн келди. Улуттук спортчу 50 метрге эркин сүзүүдө алтын медаль алды. Бул алтын медаль Түркиянын оюндардагы 4-алтын медалы болду. Ушундайча Түркия Рио - 2016дагы 3 медалды ашып, алтын медаль рекордун жаңылады.
Пара сүзүүчү Севилай Өзтүрк дөңгөлөктүү отургучта фетхования боюнча Хакан Аккая жана пара атлетизмде Фатма Дамла Алтын коло медалга ээ болду.
Бүгүнкү мелдештерде оор атлетика боюнча улуттук атлет Сибел Чам аялдар арасында 73 килограммда коло медалга ээ болду.
Түркиянын 4 алтын, 10 күмүш жана 11 коло болгон жалпы 25 медалы бар.
Тектеш кабарлар
Чемпиондор лигасынын экинчи жумадагы оюндары жыйынтыкталды...
Европа футболунун клубдук деңгээлдеги номер биринчи уюмунун экинчи жумасында 9 беттеш өткөрүлдү.
Түрк командаларынын беттештери ТРТ экрандарында...
Фенербахче, Бешикташ жана Галатасарайдын беттештери бүгүн ТРТдан түз эфирде көрсөтүлөт.