Түрк шахматчысынын ийгилиги
Йагыз Каан Эрдогмуш да 2600 ELOдан өткөн эң жаш оюнчу болууга жетишти.
2177047
Шахмат боюнча гроссмейстер наамына ээ дүйнөнүн эң жаш спортчусу Йагыз Каан Эрдогмуш да 2600 ELOдан өткөн эң жаш оюнчу болууга жетишти.
Түркия шахмат федерациясынын билдирүүсүндө: «Дүйнөнүн эң жаш гроссмейстер наамына ээ болгон жылдыз спортчубуз Ягыз Каан Эрдогмуш Абу-Дабидеги шахмат фестивалындагы ийгиликтүү оюну менен 2600 ELOну өткөн эң жаш спортчу болду. Ягыз Каандын жандуу ELO упайы учурда 2601. Биз спортчубузду куттуктайбыз жана ийгилик каалайбыз»,-деп айтылды.
ELO - шахмат боюнча рейтинг системасы.
Тектеш кабарлар
Австралияда ачык теннис боюнча турнир башталды
Мельбурн шаарында өткөн турнир эртең мененки сессиянын беттештери менен башталды.