Кыргызстандын куржунуна дагы бир күмүш жана коло медаль кошулду
Айсулуу Тыныбекова эркин күрөш стилинде атаандашын утуп коло медаль тагынды. Мунарбек Сейитбек уулу бокс боюнча 57 килограмм салмак ченинде өзбекстандык мушкер Абдумалик Халоков менен финалдык беттешке чыгып күмүш медалга ээ болду.
Кечээ, 10-августта Айсулуу Тыныбекова килемге чыкты. Ал кыз-келиндер арасында эркин күрөш боюнча 62 килограмм салмакта монголиялык Орхон Пуревдорж менен беттешти.
Кыргыз балбан кызы менен атаандашынынын упайы 6:6 болуп, акыркы кыймыл-аракет Айсулуу Тыныбекова тараптан болгондуктан коло медалга ээ болду.
30 жаштагы Орхон Пуревдорж менен Айсулуу Тыныбекова буга чейин бир нече жолу күч сынашып, жеңиш Айсулуу тарапта болгон.
Эске салсак, Тыныбекова 1/8 финалдык беттеште нигериялык Эстер Омолайо Колаволе менен күрөшүп, аны 5:1 упай менен жеңип, чейрек финалга чыккан.
1/4 финалдык беттеште АКШлык Кайла Миракл менен күрөшүп, упай 6:6 болгон, акыркы кыймыл-аракет Айсулуу тарапта болгондуктан жеңишке жетип, жарым финалга жолдомо алган.
Ал эми жарым финалдык беттеште 26 жаштагы украиналык Ирина Коляденко менен беттешип, атаандашынан 2:9 упай менен жеңилип калган.
Ал эми бүгүн, 11-августта Мунарбек Сейитбек уулу финалдык беттешке чыкты. Кыргыз спортчусу бокс боюнча 57 килограмм салмак ченинде өзбекстандык мушкер Абдумалик Халоков менен кез келип, атаандашынан утулуп калды.
Натыйжада кыргыз мушкери күмүш медалга ээ болду. Бул бокс боюнча эгемендүү Кыргызстандын тарыхында Олимпиада оюндарындагы алгачкы күмүш медаль. Кыргызстандын курама командасынын Париж Олимп оюндарындагы 2-күмүш медалы.
Мушкер 57 килограммга чейинки салмакта 1/8 финалда кубалык Орта Родригес Дель Рей Сайдель Иванды жеңип, чейрек финалга өткөн. Кийинки баскычта америкалык спортчу Жамал Харвини утуп, жарым финалга чыккан.
Жарым финалда кыргыз мушкери атаандашы болгариялык Хавьер Ибаньес Диаз менен күч сынашып, финалга чыккан.
Мунарбек Сейитбек уулу Кыргызстандын беш жолку чемпиону, студенттер аралык Дүйнө чемпионатында коло медаль тагынган, Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси, Азия чемпионатында коло медаль уткан.