Парижде өткөн 2024 -  Олимпиада оюндары уланууда

Улуттук спортчу Хатиже Акбаш бокс боюнча коло медалга ээ болду.

2170590
Парижде өткөн 2024 -  Олимпиада оюндары уланууда
İbrahim Tataroglu.jpg
Berra Elif Gokkir.jpg
Buse Naz Cakiroglu.jpg
busenaz surmeneli.jpg
hatice akbas.jpg

Олимпиаданын 6 - күнүндө улуттук спортчу Хатиже Акбаш бокс боюнча  аялдар арасында 54 килограммда чейрек финалда монголиялык Энхжаргал Мунгунцэцэгти 5-0 эсебинде утуп, жарым финалга өттү. Акбаш коло медалга ээ болду. 

66 килограммда акыркы Олимпиада чемпиону Бусеназ Сүрменели да поляк атаандашы Анета Рыгельсканы 4-1 эсебинде жеңип чейрек финалга чыгуу ийгилигине жетишти. 

Улуттук мушкер Бусе Наз Чакыроглу аялдар 50 килограммда акыркы 16 раунддук беттешүүдө мексикалык атаандашы Фатима Эррераны 5-0 эсебинде жеңди. Чакыроглу чейрек финалга чыкты.

Улуттук жаачы Улаш Берким Түмер эркектер арасында жеке категорияда мексикалык жана голландиялык атаандаштарын, Элиф Берра Гөккыр малайзиялык жана ирандык атаандаштарын утуп, акыркы  16 - турган чыкты. 

Бүгүн дзюдо мелдештеринде Ибрахим Татароглу эркектер арасында +100 килограммда акыркы 32 раундда словениялык Эней Маринич менен беттешти. Атаандашын иппон упайлары менен жеңген улуттук спортчу атын акыркы  16 -  раундга атын жаздырды. 

 



Тектеш кабарлар