Париж 2024 Олимпиада оюндарында
Олимпиадада түрк спортчулары ийгилик жаратууда.
Улуттук атлет Бусе Савашкан Париж 2024 Олимпиада оюндарында аялдар арасында бийиктикке секирүү боюнча финалга чыкты.
Олимпиадага биринчи жолу катышкан улуттук атлет Бусе Савашкан 1,92 метр бийиктик менен тандоо оюндарын 8-орунда бүтүрүп, финалга жолдомо алды.
Лондон 2012де ат салышкан улуттук атлет Буржу Айхандан кийин аялдар арасында бийиктикке секирүү боюнча Олимпиада финалына чыккан экинчи спортчу Бусе Савашкан 4-август жекшемби күнү медалдар үчүн ат салышат.
Улуттук дзюдочу Кайра Өздемир да жарым финалга чыкты.
Аялдар арасындагы +78 килограммда акыркы 16 турда монголиялык Амарсайхан Адиярсуранды жеңген Кайра Өздемир чейрек финалда япониялык Акира Соне менен беттешти.
Улуттук спортчу чейрек финалда акыркы Олимпиада чемпиону атаандашын утуп жарым финалга жолдомо алды.
Кайра Өздемир жарым финалда израилдик Раз Хершко менен беттешет.
Тектеш кабарлар
А Улуттук курама Измирде Исландия менен беттешет
21.45те баштала турган беттешти албаниялык Энеа Йоргжи башкарат.