Парижде 33 - Жайкы Олимпиада оюндары башталды
Олимпиада оюндарынын тарыхында биринчи жолу стадиондун тышында, шаардын борборунда ачылыш аземи өткөрүлдү.
33 - Жайкы Олимпиада оюндары Франциянын борбору Парижде салтанаттуу ачылыш аземи менен башталды. Парижде 100 жылдан кийин үчүнчү жолу уюштурулган Жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутерриш, Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Эл аралык Олимпиада комитетинин төрагасы Томас Бах, Түркиядан жаштар жана спорт министри Осман Ашкын Бак менен көп сандаган мамлекетиик кызматкер катышты.
Олимпиада оюндарынын тарыхында биринчи жолу стадиондун тышында, шаардын борборунда ачылыш аземи өткөрүлдү.
Салтанаттын жүрүшүндө 204 өлкөнүн спортчулары менен Качкындар Олимпиада командасын ташыган жалпы 85 кеме Сена дарыясы аркылуу параддан өтүштү.
Жайкы Олимпиада оюндарына 24 - жолу катышкан Түркия парадга 18 тармакта таймаша турган 101 спортчусу менен орун алууда.
Түрк желегин Олимпиада чемпиондору, улуттук мушкер Бусеназ Сүрменели менен улуттук жаачы Мете Газоз көтөрүп жүрүштү.
Олимпиадага 47 спортчу менен катышкан Азербайжан жана 8 спортчу менен катышкан Палестина параддан өтүү учурунда трибуналардан чоң кол чабуулар менен коштолду.
Ачылыш аземинде Алжирдин делегациясын ташыган кемеден Сена дарыясына гүлдөр ыргытылды.
Топ 1961 - жылдын 17 - октябрында француз полициясы тарабынан атылып, сөөгү Сена дарыясына ыргытылган жүздөгөн алжирликтерди эскерди.
Жамгырдын астында өткөн аземди 300 миңге жакын адам коштоду.
Аземде Франциянын тарыхый жана маданий байлыктары көрсөтүлүп, Леди Гага, Айя Накамура, Марина Виотти, Гожира жана Селин Дион сыяктуу белгилүү ысымдар да концерт беришти.
Аземдин акыркы бөлүгүндө 2024 Жайкы Олимпиада оюндарынын отун франциялык дзюдочу Тедди Ринер жана мурдагы спортчу Мари-Хосе Перек жандырышты.
11 - августка чейин улана турган оюндарды ТРТнын экрандарынан көрүүгө болот.