Кыркпынардын баш балбаны белгилүү болду...

752 балбан күч сынашкан мелдеште 40 балбан Сарайичинде күч сынашты.

2160450
Кыркпынардын баш балбаны белгилүү болду...

Тарыхый Кыркпынар майлуу күрөшүндө толкундануу аяктады.

Быйыл 663-жолу өткөрүлгөн жана ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирген майлуу күрөш мелдеши 4 күнгө созулду.

752 балбан күч сынашкан мелдеште 40 балбан Сарайичинде күч сынашты.

40 баш күрөшчүнүн ичинен финалга өткөн ысымдар акыркы эки жылдын баш күрөшчүлөрү Мустафа Таш жана Юсуф Жан Зейбек болду.

Мустафа Таш чейрек финалда Энес Доганды, жарым финалда Серхат Гөкменди утуп алды.

Юсуф Жан Зейбек чейрек финалда Мустафа Арсланды, жарым финалда Хүсейин Гүмүшаланды жеңип финалга чыкты.

Финалдык беттеште атаандашын жеңген Юсуф Жан Зейбек экинчи жолу катары менен алтын курга ээ болду.

Ийгиликке жеткен балбан кийинки жылы Кыркпынарда баш балбан болсо, алтын курдун түбөлүк ээси болот.

Тарыхый мелдеште Мустафа Таш экинчи, Серхат Гөкмен менен Хүсейин Гүмүшалан үчүнчү болушту.



Тектеш кабарлар