Алмаз лигасында 2 дүйнөлүк рекорд...

Алмаз лигасында да эки дүйнөлүк рекордго жетишилди.

2160227
Алмаз лигасында 2 дүйнөлүк рекорд...

Жеңил атлетикадагы Алмаз лигасынын толкундануусунун акыркы дареги Олимпиаданы өткөрүүгө камданып жаткан Париж болду...

Алмаз лигасында да эки дүйнөлүк рекордго жетишилди.

Биринчи рекорд кыз-келиндер арасында бийиктикке секирүү боюнча болду, ал азыр дээрлик унутулуп, 37 жылдан бери жаңылана элек болчу.

Рекордду жаңырткан адам украиналык спортчу Ярослава Махучих болду.

Болгариялык Стефка Костадинованын буга чейинки 2 метр 9 сантиметрлик рекорду 1987-жылдан бери жаңылана элек болчу.

22 жаштагы Махучихтин Париждеги укмуштуудай оюнуна чейин...

2.01 менен баштап, кийинчерээк 2.07ден ашкан украиналык спортчу акыркы мүнөттө эле дүйнөлүк рекордду көздөдү.

Махучих 2 метр 9 сантиметрдин 1 сантиметр үстүндөгү 2 метр 10 сантиметрлик тосмодон тарыхый секирик менен өтүп, жаңы рекорддун ээси болду.

Дагы бир рекордду 1500 метрге чуркоо боюнча дүйнөнүн жана олимпиаданын чемпиону Файт Кипьегон алды.

30 жаштагы спортчу 1500 метрге чуркоодо өзүнүн дүйнөлүк рекордун жаңыртып, аны 3 мүнөт 49 секунд 04 салисеге чейин жылдырууга жетишти.

Акыркы эки Олимпиадада чемпиондукту багынткан кениялык спортчу бул ийгилиги менен кайрадан Париж Олимпиада оюндарынын эң талашсыз ысымдарынын бири болорун көрсөттү.



Тектеш кабарлар