Түркия атаандаш талаасында Германияны 3-2 эсебинде жеңди

Берлин олимпиадалык стадионунда өткөн беттеште Түркия Германияны 3-2 эсебинде жеңди.

2066025
Түркия атаандаш талаасында Германияны 3-2 эсебинде жеңди
Turkiye-almanya maci1.jpg
Turkiye-almanya maci.jpg

Түркия жолдоштук беттеште Германияны 3-2 эсебинде жеңди.

Берлин олимпиадалык стадионунда өткөн футбол беттешинде Германия 5-мүнөттө Кай Хаверцтин голу менен 1-0 алдыга чыкты.

38-мүнөттө Түркия эсепти теңеди. Ферди Кадыоглунун тепкен тобу дарбазага кирип, эсеп 1-1 болду.

45+2-мүнөттө Кенан Йылдыз топту дарбазага киргизип, Түркия алдыга чыкты.

Оюндун биринчи жарымы Түркиянын 2-1 эсебинде алдыда болушу менен аяктады.

Германия 49-мүнөттө эсепти теңеп эсепти 2-2ге жеткирсе, 71-мүнөттө Юсуф Сары пенальтини голго айлантып Түркия дагы бир жолу алдыга чыкты. Эсеп 3-2 болду.

Беттеш Түркиянын 3-2 эсебинде жеңиши менен аяктады.

Германиянын улуттук курама командасынын формасы менен 72-ирет ойногон түрк футболчусу Илкай Гүндоган биринчи жолу Түркиянын улуттук командасы менен беттешти.

Беттеште 2024-жылкы Европа чемпионатынын расмий футбол тобу «Fussballliebe» (Футболду сүйүү) колдонулган.


Этикеткалар: #Түркия , #Германия , #футбол

Тектеш кабарлар