Түркиянын улуттук футбол курама командасы...

18-ноябрь ишемби күнү Германия менен өзгөчө беттеш өткөрө турган жана 21-ноябрь шейшемби күнү Уэльс менен 2024-жылкы Европа чемпиондугунун (EURO 2024) тандоо турунда Кардиффте беттеше турган Түркиянын Улуттук футбол курама командасы даярдыктарын улантты.

2065073
Түркиянын улуттук футбол курама командасы...

Улуттук футбол курама командасы Германия менен Уэльс беттешине даярдыктарын улантууда...

18-ноябрь ишемби күнү Германия менен өзгөчө беттеш өткөрө турган жана 21-ноябрь шейшемби күнү Уэльс менен 2024-жылкы Европа чемпиондугунун (EURO 2024) тандоо турунда Кардиффте беттеше турган Түркиянын Улуттук футбол курама командасы даярдыктарын улантты.

Үстүнкү респиратордук инфекциясы бар капитан Хакан Чалханоглу Ривадагы TFF Хасан Доган улуттук командалар лагеринде жана машыгуу жайларында алгачкы 15 мүнөтү басма сөзгө ачык болгон машыгууга катышкан жок.

Машыгуунун алдында машыктыруучу Винченцо Монтелла оюнчуларын талаанын ортосуна чогултуп, кыскача сөз сүйлөдү.

Машыгуу чуркоо, жылынуу жана пас узатуу көнүгүүлөрү менен башталды. Машыгуунун басма сөзгө жабык бөлүгүндө Германияга каршы беттешке тактикалык машыгуулар өткөнү айтылды.

Магышууну ТФФнын улуттук командаларынын менеджери Хамит Алтынтоп жана ТФФнын вице-президенти Мустафа Эрогут да байкады.

Улуттук курама даярдыгын эртең таңкы машыгуу менен аяктайт. Жарым ай жылдыздуу команда эртең Түрикя убактысы боюнча  саат 16.00да уча турган учак менен Берлинге жөнөйт.



Тектеш кабарлар