Президенттик велотур аяктады

Быйыл 58-ирет уюштурулган Президенттик Түркия велосипед туру 8-этап 130,5 километрдик Стамбул - Султанахмет этабы менен аяктады.

2051107
Президенттик велотур аяктады
58.cumhurbaskanligi bisiklet turu.jpg
58.cumhurbaskanligi bisiklet turu.jpg
58.cumhurbaskanligi bisiklet turu.jpg

Түркиянын Президенттик велоспорт турунда казакстандык спортчу Алексей Луценко чемпион болду.

Стамбул баскычында бельгиялык Яспер Филиппсен алдыда келди.

Быйыл 58-ирет уюштурулган Президенттик Түркия велосипед туру 8-этап 130,5 километрдик Стамбул - Султанахмет этабы менен аяктады.

Турдун Стамбул этабынын чемпиону 2 саат 57 мүнөт 28 секунда менен Alpecin - Deceuninck командасынан бельгиялык спортчу Яспер Филиппсен болду. Филипсен 4-баскычта жеңишке жетип, жашыл форманы утуп алды. Филипсенден кийин «Астана Казакстан» командасынан француз веложарышчысы Сис Бол, андан кийин «Эоло - Камета» командасынан италиялык Жованни Лонарди келди.

Түркиянын 58-Президенттик велоспорт турунун жалпы класстык чемпиону 30 саат 8 мүнөттүк көрсөткүч менен Астана командасынан казак спортчусу Алексей Луценко болду.

Луценкодон кийин Бора командасынан немис спортчусу Бен Цвиехофф экинчи, Астана командасынан колумбиялык велосипедчи Гарольд Тежада үчүнчү болду.



Тектеш кабарлар