Түркия Парламентинин атчан секирүү кубогу үчүн мелдеш өткөрүлдү
33 ат жана 24 чабандес катышкан жарышта чабандестер мыкты марага жетүү үчүн таймашышты.
2041675

Башкент ат минүү клубунда Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Атчан секирүү кубогу үчүн мелдеш өткөрүлдү.
33 ат жана 24 чабандес катышкан жарышта чабандестер мыкты марага жетүү үчүн таймашышты.
Түркиянын ат спорту федерациясы тарабынан Атайын титул кубоктору жумалыгынын алкагында уюштурулган 2023-жылдагы Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Кубогу ээсин тапты.
Бир категорияда өткөрүлгөн 145 сантиметрге секирүү жарышын Charmeur 427 деген аты менен Каан Кызылкаплан жеңип алды.
Гирусо Х аттуу аты менен Хулки Карагулле экинчи болсо, Карнет аттуу аты менен Осман Шен үчүнчү болду.