Франциялык спортчуларга жоолук салынууга тыюу салынды
Франциянын спорт министри Амели Оудеа-Кастера, France 3 каналында аталган тыюуну жарыялады.

Франциялык спортчуларга 2024-жылы өтө турган Париж Олимпиадасында жоолук салынууга тыюу салынды.
Франциянын спорт министри Амели Оудеа-Кастера, France 3 каналында аталган тыюуну жарыялады.
Оудеа-Кастера 2024-жылдын 26-июлунан 11-августуна чейин борбор шаар Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катышуучу француз командаларында спортчулардын жоолук салынбай турганын билдирди.
Француз министри, спортто катуу «светтик режимдин» ишке ашырылышын жактай тургандыктарын айтты.
"Les Hijabeuses" (Жоолукчандар) деп аталган футболчулар жамааты Франциянын Футбол федерациясы (FFF) 2016-жылдан бери жоолук салынууга уруксат бербегендиктен, бул тыюуну жокко чыгаруу үчүн Мамлекеттик кеңешке кайрылган.
FFFнын ички жоболорунун биринчи беренеси футболчуларга матч учурунда алардын диний көз карашын көрсөткөн кийимдерди же символдорду кийүүгө тыюу салат.
Мамлекеттик кеңеш 29-июнда FFFнын матчтарында аял футболчуларга жоолук салынууга тыюу салууну бекиткен.
Тектеш кабарлар

Шахматта "Республиканын 100 - жылы кубогу"
Түркия Иш Банкынын кошкон салымы менен өткөн турнирде Түркиянын 12 чебер спортчусу жарышты.