Фенербахче мелдештерде жеңиштүү сериясын 12ге жеткирди

Фенербахче Супер лиганын 6-жумасында Аланяспордун коногу болду.

2041606
Фенербахче мелдештерде жеңиштүү сериясын 12ге жеткирди

Фенербахче Супер лиганын 6-жумасында Аланяспорду конокто 1-0 эсебинде жеңип лидерлигин улантты.

Сары-кочкул көк түстүү команда бардык мелдештерде жеңиштүү сериясын 12ге жеткирди.

Фенербахче Супер лиганын 6-жумасында Аланяспордун коногу болду.

Алания Оба стадионунда ойнолгон беттеште 43-мүнөттө Ирфан Жан Кахвежи киргизген голу  сары-кочкул көк түстүү командага жеңишти алып келди.

59-мүнөттө калыс Атилла Караоглан Корендон Аланьяспордун машыктыруучусу Өмер Эрдоганды каршылыгынан улам кызыл карточка менен талаадан кетирди.

Бул жыйынтык менен лигада 5 оюнда тең уткан Фенербахче 15 упай менен лидерлигин улантты.

Исмаил Карталдын башкаруусундагы сары-кочкул көк түстүү команда бул сезондо Конференц-Лига жана Супер лига да болгон 12 матчта жеңиш менен талаадан чыкты.

Бул сезондо алгачкы жеңилүү ызасын тарткан Аланяспор 7 упай менен калды.



Тектеш кабарлар