Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты...

Коло медалды багындырган Таха Олимпиада оюндарына да катышуу укугуна ээ болду.

2038517
Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты...

Сербиянын Белград шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты уланууда.

Иш-чаранын экинчи күнүндө эркин күрөш боюнча 125 килограмм салмакта түрк балбаны Таха Акгүл коло медаль үчүн венгриялык Даниел Лигети менен беттешти.

Беттеште 5-0 эсебинде жеңишке жетишкен Таха улуттук курама команданын атынан чемпионаттын алгачкы медалын тагынды.

Коло медалды багындырган Таха Олимпиада оюндарына да катышуу укугуна ээ болду.

Экинчи күндүн эртең мененки бөлүмүндө эркин стилде; 57, 74, 79 жана 92 килограмм салмак категорияларында тандоо беттештери өттү.

Түркияны 57 килограммда Сүлейман Атлы, 74 килограммда Сонер Демирташ, 79 килограммда Рамазан Сары жана 92 килограммда Фейзулла Актүрк өкүлдүк кылды.



Тектеш кабарлар