Европа оюндарында улуттук спортчулардан 2 медаль

Краковдогу Myslenica Arena стадионунда муайтай боюнча финалдык беттештер башталды.

2004969
Европа оюндарында улуттук спортчулардан 2 медаль

Польшада өткөрүлгөн 3-Европа оюндарынын муайтай тармагында аялдарда Гүлистан Туран алтын, эркектерде Сержан Коч күмүш медалга ээ болду.

Краковдогу Myslenica Arena стадионунда муайтай боюнча финалдык беттештер башталды.

Түшкү сессияда кечээ Түркиянын атынан эки улуттук спортчу рингге чыкты.

Кыз-келиндер арасында 51 килограммда Гүлистан Туран финалда үй ээси поляк Роксана Даргиелди жеңип алтын медалга ээ болду.

Эркектер арасында 60 килограммда Сержан Коч финалда бельгиялык Джанни Де Леу менен беттешти. Атаандашына жеңилген Сержан Коч күмүш медалды тагынды.



Тектеш кабарлар