Стамбулдагы жолугушуу...
Манчестер Сити менен Интер Европанын эң чоңу болуу үчүн эртең Түркия убактысы боюнча саат 22:00дө Ататүрк Олимпия стадионунда беттешет.

Стамбул 18 жылдан кийин экинчи жолу Чемпиондор Лигасынын финалын өткөрөт.
«Ататүрк» Олимпиада стадиону дагы бир жолу Англия жана Италия командаларынын финалдык беттешине кожоюндук кылат.
Манчестер Сити менен Интер Европанын эң чоңу болуу үчүн эртең Түркия убактысы боюнча саат 22:00дө Ататүрк Олимпия стадионунда беттешет.
Таксим аянтына коюлган ири футбол тобуна жана УЕФА Чемпиондор Лигасынын кубогунун макетине жергиликтүү жана чет элдик туристтер чоң кызыгуу көрсөтүштү.
Эки команданын желектери 15-Июль Шейиттери көпүрөсүнө илинди.
Өлкөлөрүнөн чыккан жеке учактар менен жарым саатта Стамбул аэропортуна жеткен Манчестер Сити жана Интер командалары, конок боло турган мейманканаларга жайгашышты.
60 миңден ашуун футбол күйөрмандары көрө турган беттештин экономикалык кирешеси да болот...
Чоң финалдык мелдеш Стамбулга 75 миллион евро алып келет.