Улуттук аялдар волейбол командасы оюнду жакшы баштады

Улуттук аялдар волейбол командасы Түштүк Кореяны 3-0 эсебинде утуп алды.

1993892
Улуттук аялдар волейбол командасы оюнду  жакшы баштады

Эл аралык волейбол федерациясынын (FIVB) Улуттар лигасынын 1- тайпасында биринчи жуманын биринчи оюнунда Улуттук аялдар волейбол командасы Түштүк Кореяны 3-0 эсебинде утуп алды.

2023 -  жылдагы FIVB Улуттар Лигасында биринчи сынактан өткөн ай  - жылдыздуу команда, Анталья спорт залында 1 - тайпадагы биринчи матчында Түштүк Корея менен беттешти.

Көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жараткан беттешти эки команда тең жакшы баштаган.

Биринчи сетте атаандаштарына үстөмдүк кылган "Тордун султандары" биринчи сетте 11 упай менен 25-14 алдыга чыкты.

Экинчи сетти ылдам баштаган Түштүк Кореянын 4 упайлык айырмачылыгын жаап,  оюнду кайрадан колго алган  улуттук команда калган бөлүктө азыраак ката кетирип, экинчи сетти 25-17 эсебинде артыкчылык менен аяктады.

Үчүнчү сетте  ай  - жылдыздуу команда 26 – 24 упай менен оюнду  3 – 0 эсебинде утуп алды.

Улуттук команда экинчи оюнунда бүгүн Түркия убактысы боюнча саат 20:00дө Сербия менен беттешет.



Тектеш кабарлар