Париж Олимпиадаларына кызыгуу абдан чоң
Париж 2024 жайкы Олимпиада оюндары 2024 - жылдын 28 - июль жана 11 - август күндөрүнүн аралыгында өткөрүлөт.

Спорт күйөрмандары 2024 - жылы Парижде өтүүчү Олимпиада оюндарына чоң кызыгуу көрсөтүүдө.
Францияда 2024-жылы өтө турган Олимпиада оюндарынын башталышына 14 ай бар жана билеттердин 70 пайызы сатылып бүттү.
Олимпиада комитети сатууга чыгарган 10 миллион билеттин 7 миллиону сатылды.
Билеттердин үчтөн эки бөлүгүн Францияда жашаган спор сүйүүчүлөр сатып алды.
Олимпиада комитетинин төрагасы Тони Эстангует билеттерге көрсөтүлгөн кызыгуунун абдан күчтүү кубанычты чагылдыргандыгын белгилеп : "Максатыбыздын үстүндө чоң ийгилик",- деди.
Билет сатуудан алынган киреше 4 жарым миллиард еврого жакындаган оюн бюджетинин үчтөн бир бөлүгүн түзөт.
Париж 2024 жайкы Олимпиада оюндары 2024 - жылдын 28 - июль жана 11 - август күндөрүнүн аралыгында өткөрүлөт.
Тектеш кабарлар

Фабио Борини Карагүмрүк менен коштошту
Борини «Коштошуунун убагы келди. Бирдикте өткөргөн убакыт үчүн ыракмат Карагүмрүк»,- деди.