Хонда Формула 1ге кайтып келет
Жапон өндүрүүчүсү 2021-жылы тректерден баш тарткан болчу.
Бир топтон бери айтылып келген күбүр-шыбырлар чындык болуп чыкты...
Хонда Астон Мартин менен Формула 1ге кайтып келет.
Жапон өндүрүүчүсү 2021-жылы тректерден баш тарткан болчу.
Бирок Red Bull менен иштешүүнү уланткан Хонда бул сезондо күтүүсүз чечим кабыл алып, Австрия командасы Фордду тандады.
Реструктуризациялоо процессинде турган Астон Мартин япониялык автоконцерндин жаңы өнөктөшү болуп калды.
Honda компаниясынын аткаруучу директору Тошихиро Мибе алардын F1ге кайтып келүү чечиминин негизги себептеринин бири технологияларын өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү платформаны камсыз кылуу экенин айтты.
Астон Мартиндин Башкаруу кеңешинин төрагасы Лоуренс Стролл: «Хонданын көмүртектин нейтралдуулугуна, туруктуулугуна жана электрлештирүүгө багытталган тажрыйбасы жана адистиги Астон Мартин үчүн эң туура шайкеш келет»,-деди.
Тектеш кабарлар

Фабио Борини Карагүмрүк менен коштошту
Борини «Коштошуунун убагы келди. Бирдикте өткөргөн убакыт үчүн ыракмат Карагүмрүк»,- деди.