Карагүмрүк менен Пирло жолдорун бөлүштү
Клубдан берилген маалыматта италиялык машыктыруучуга клубга кошкон салымынан улам ыраазычылык билдирилди.
1990867
VavaCars Фатих Карагүмрүк машыктыруучу директор Андреа Пирло менен жолдорун бөлүштү.
Клубдан берилген маалыматта италиялык машыктыруучуга клубга кошкон салымынан улам ыраазычылык билдирилди.
Өткөн жылы июнь айында кызыл – кара команданы машыктыра баштаган 44 жаштагы Пирло 36 беттештен 13 жеңиш, 12 тең чыгуу жана 11 жеңилүү менен чыкты.
Карагүмрүктү сезондун акырына чейин Алпарслан Эрдем башкарат.