Биринчи күнү улуттук дзюдочулардан 4 медаль
Европа кубогу мелдешинин биринчи күнүндө улуттук спортчулар 4 медаль, 2 алтын, 1 күмүш жана 1 коло байгеге ээ болушту.
Польшада өтүп жаткан дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасындагы Европа кубогу мелдешинин биринчи күнүндө улуттук спортчулар 4 медаль, 2 алтын, 1 күмүш жана 1 коло байгеге ээ болушту.
Познань шаарында өткөрүлгөн биринчи күнкү мелдешинде аялдар +78 килограммда Дуйгу Дирген жана эркектер 66 килограммда Ибрахим Демирел алтын медалга ээ болушту.
Кыз-келиндер арасында 78 килограммда Шейда Нур Чичек күмүш, +78 килограммда күч сынашкан Өзнур Эфе коло медалга ээ болду.
Чемпионатта 78 кг салмакта күч сынашкан Гүлсүм Агач коло медаль үчүн болгон күрөштө атаандашына жеңилип, өз салмагында 5-орунду ээледи.
Тектеш кабарлар
Чемпиондор лигасынын экинчи жумадагы оюндары жыйынтыкталды...
Европа футболунун клубдук деңгээлдеги номер биринчи уюмунун экинчи жумасында 9 беттеш өткөрүлдү.
Түрк командаларынын беттештери ТРТ экрандарында...
Фенербахче, Бешикташ жана Галатасарайдын беттештери бүгүн ТРТдан түз эфирде көрсөтүлөт.