Улуттук спортчулар 17 медалга ээ болушту

Бул тууралуу Түркиянын Оор атлетика федерациясынан маалымат берилди.

1968531
Улуттук спортчулар 17 медалга ээ болушту

Оор атлетика боюнча жылдыздардын дүйнө чемпионатында улуттук спортчулар 7 алтын, 6 күмүш жана 4 коло  медаль болуп жалпы 17 медалга ээ болушту.

Түркиянын Оор атлетика федерациясынан берилген маалыматка караганда Албаниянын Дуррес шаарында өткөрүлгөн оор атлетика боюнча жылдыздар дүйнөлүк чемпионатына 45 өлкөдөн 268 спортчу катышты.

Билдирүүдө улуттук спортчулардын мелдешти 7 алтын, 6 күмүш жана 4 коло болгон 17 медаль менен жыйынтыктаганы белгиленди.

Жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу да жарыялаган билдирүүсү менен улуттук оор атлетчилерди куттуктады.



Тектеш кабарлар