Джанни Инфантино ФИФАнын төрагалыгына кайрадан шайланды
Руанданын борбор шаары Кигалиде өткөрүлгөн ФИФАнын 73-конгрессинде төрагалыкка шайлоо өткөрүлдү.
1960967

Джанни Инфантино футболдун чатыр уюму болгон ФИФАнын төрагасы болуп кайра шайланды.
Руанданын борбор шаары Кигалиде өткөрүлгөн ФИФАнын 73-конгрессинде төрагалыкка шайлоо өткөрүлдү.
Шайлоого бир гана талапкер болуп кирген 52 жаштагы Инфантино 2027 – жылга чейин төрагалык кызматын аткарат.
Инфантино шайлоодон кийин ыраазычылык билдирген сөзүндө : «ФИФАнын төрагасы болуу өзүнчө сыймык, өзгөчөлүк жана жоопкерчилик. Берген колдооңуздар мени сыймыктандырды. Мени жакшы көргөндүрдүн жаман көргөндөрдөн дагы көп экендигин билемин. Баарыңыздарды жакшы көрөмүн»,- деди.
Тектеш кабарлар
Франциянын улуттук командасынын жаңы капитаны
Команданын мурдагы капитаны Уго Льористен кийин Килиан Мбаппе капитан болуп дайындалган.